Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

“Аксы ыйы - улут кайгысы” китебинин бет ачаары болду


“Аксы ыйы – улут кайгысы” деп аталган китепте 2002-жылы бийликтин аткан огунан жети азаматтын ажал табышы, кыргыз жери Үзөңгү-Кууштун мурдагы президент Аскар Акаев тарабынан Кытайга кандай жол менен берилгени, өз бийлигинен башканы көрө албай калган жетекчини кийин өз эли мекенине келгис кылып кууп жибергени тууралуу жазылган. Китептин автору 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилүүсүнө ачык каршы чыкканы үчүн түрмөгө камалган Азимбек Бекназаров. Китеп 10 миң нускада жарык көрдү.

2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылыгын билдирип, куралсыз жөө жүрүшкө чыккан элди акаевдик бийлик аткылаган. Натыйжада 6 адам октон, бирөө таяктын уусунан каза тапкан. Кыргыз жеринин коңшуларга жең ичинен сатылышына нааразылыгын билдирген Шералы Назаркулов 22 күн ачкачылык кармап жатып көз жумган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG