Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү


Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жазуучунун арбагына багышталып куран окулду. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Улуттук китепканада анын ысымын алып жүрүүчү адабий борбор түзүлүп, 10-декабрда ачылышы өттү.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал Совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таланттуу жазуучу катары таанылган. Социалисттик эмгектин баатыры жогорку наамына арзыган, СССРдин Ленин жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ошондой эле ондогон башка эл аралык сыйлыктарды алган, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин президенти Михаил Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Улуу жазуучу 80 жашка караган курагында, 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Залкардын сөөгү 15-июнда "Ата-Бейитке" коюлган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG