Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Интернет акча табуунун булагыбы?


Интернет аркылуу маалымат гана албастан акча табууга да мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү азыр айрым кыргыз жаштары да колдоно баштады.

Жарнактар интернет сайттарда акча табуунун эң негизги булагы.

21 жаштагы Бишкек тургуну Эркин Урманбетов мындан 3 ай мурда жеке сайтын ачкан. Илимий макалалардан баштап, көңүл ачуучу маалыматтарды камтыган бул сайт учурда жарнактардын жардамы менен каражат таап келет:

- Google менен келишим түзгөм. Мен аларга сайтымдагы атайын жарнак үчүн белгиленген аянтчаларды берем. Менин сайтыма канчалык көп адам кирсе, ошого жараша мага акча төлөп берет. Мисалы Google менен келишимдин негизинде эң алгач 100 доллардык жарнакты жайгаштырдым. Акчанын көлөмү сайтка киргендердин санына жараша жана ошол жарнакты басып көргөнүнө жараша болот.

Эркин Урманбетов азырынча сайтына Гугл компаниясынын жарнактарын жайгаштырууда. Бара бара жергиликтүү компаниялардын жарнактарын алууну көздөйт. Мындан улам сайттагы маалыматтардын сапатын жакшыртып, көбүрөөк окурманды тартуу, муну менен жарнак берүүчүлөрдү кызыктыруу аракетин көрүп жатат:

- Божомолдоп эсептеп көргөм. Бир топ эле акча тапса болот экен. Мисалы кээ бир сайттар рекламадан миңдеген доллар табышат. Кээ бирлер жүздөгөң доллар табат. Бул жерде көп нерсе сайттын тематикасына жараша болот. Тематикасы жакшы болсо, жакшы жарнак кылууга болот.

Эркин Урманбетовдун оюна Кыргызстанда өзгөчө жаштар арасында белгилүүлүккө ээ болгон namba.kg порталынын кызматкери Александр Туманов да кошулат. Анын айтымында, жеке сайт аркылуу каражат табуу үчүн алгач сайттын мазмунун жакшыртуу керек. Интернет баракчада окурмандардын кайсы бир бөлүгүнө багыт алган, алардын муктаждыгын камсыз кылган маалыматтар болушу абзел:

- Интернетте акча жасоо үчүн биринчи кезекте кандайдыр бир аудитория керек. Эгер сайтка бир күндө миң, бир жарым миңдей адам кирсе, ал сайт кызыгууну жарата баштайт. Сайттын Google жана Яндекстеги рейтинги жогору болсо, аталган компаниялар сайтыңызга кайсы бир шилтемени коюу үчүн эле акча төлөп бериши мүмкүн.

Жеке интернет колдонуучу үчүн маалымат желесинде каражат табуунун жолдору бир кыйла. Мисалы, атайын жарнамалык почталар бар. Күн сайын мындай почтага келген рекламалык билдирүүлөрдүн шилтемесин баасуу аркылуу электрондук эсеп топтоп, аны кадимки акчага айлантып алуу мүмкүн.

Ошондой маалымат желесинде жүргүзүлгөн ар кыл интеллекетуалдык оюндарга катышып, жеңүүчү болуу менен акча табууга да болот.

Бишкектеги электрондук акчаларды кадимки акчага алмаштыруучу Exchange.kg борборунун директору Антон Кирсанов маалымат желесинде акча табуу үчүн биринчи кезекте пайдалуу маалыматтарды “өндүрүү” керек дейт:

- Интернетте акча табуу кадимки жашоодогудай эле. Эң негизгиси иштөө керек. Мисалы, сайт жасап пайда табууга мүмкүн. Ошондой эле интернетте кызмат көрсөтүү аркылуу акча тапса болот. Мисалы макала, дил баян жазып аны сатууга болот. Эң негизгиси маалыматтар пайдалуу болушу керек. Качан биздин маалыматыбыз пайдалуу болсо, интернетте аны сатып алгандар табылат.

Мындан улам бир катар адистер интернет тармагы маалыматтардын гана чордонуна эмес, акча табуунун, ал түгүл бизнес жүргүзүүнүн булагына айланганын белгилешет.
XS
SM
MD
LG