Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Косоводо бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат


Косово өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялагандан бери алгачкы ирет парламентин шайлоодо. Коомдук пикирди иликтөө үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, бийликтеги Демократиялык партия менен Косовонун демократиялык лигасы дээрлик бирдей эле сандагы добушка ээ болот окшойт. Жалпысынан 1,5 млн.дой шайлоочу 120 орундуу парламентке депутаттарды тандашы керек. Сербдерге 10 орун башынан эле берилген. Бирок, айрым кабарларга караганда, сербдер бул шайлоого катышпай коюшу мүмкүн.
Косоводогу албандар 2008-жылдын февралында өздөрүн Сербиядан көзкарандысыз мамлекет деп жарыялап алышкан. Андан бери алардын эгемендигин дүйнөдөгү 70тен ашуун мамлекет тааныды.

XS
SM
MD
LG