Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган райондун Саруу айылындагы Жапар Чабалдаев атындагы мектептин мугалими, акциянын уюштуруу комитетинин мүчөсү Карыпбек Чакибашев билдирди. Алар мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү, социалдык жактан камкордукка алуу сыяктуу талаптарды коюшат. Нааразычылык акциясы эскертүү иретинде өтүп, ага Жети-Өгүз районундагы 42 мектептен келген мугалимдер катышмакчы. Карыпбек Чакибашевдин айтымында, аларга облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү келип, митингге чыкпоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок тараптар бир пикирге келе алган жок. (IJz)