Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Косовонун премьер-министри шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады


Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоолордун же экзит-поллдордун жыйынтыгына караганда, Хашим Тачи лидерлик кылган Демократиялык партия кечээги шайлоодо берилген добуштардын 31%ын алган. Алардын башкы атаандашы, борбор Приштинанын мэри Иса Мустафа жетектеген Демократиялык лига, экзит –поллдордун көрсөткүчү боюнча 25%дай добуш топтоду.

Шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгы бүгүн чыгары күтүлүүдө. Кечээги добуш берүү Косово Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан берки алгачкы шайлоо болду. Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 48%дайы келген. Косоводо 120 орундуу парламентке кирүү үчүн жалпысынан 29 партия атаандашты.

XS
SM
MD
LG