Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Швециянын атайын кызматы ишембидеги жардыруу терракт болгонун ырасташты


Өлкөнүн коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири Андерс Торнбергдин билдиргенине караганда, азыр ал окуя боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат. Ишемби күнү кечинде борбор Стокгольм шаарынын дүкөндөр жана эл көп жүргөн бөлүгүндө удаа орун алган жардыруудан бир адам каза таап, экөөсү жаракат алган. Каза тапкан адам жардырууну жасаган жанкечти экендиги айтылууда. Йемендеги исламчыл сайттардын бири алар Стокгольмдагы жардырууну жасады деп ырастаган жанкечтинин ысымын жана сүрөтүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG