Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Ошто ири көлөмдөгү курал-жарак табылды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, шаардагы “Амир Темур” кичирайонундагы үйдөн жардыргыч заттар, бир Калашников автоматы жүзөн ашуун ок табылган. Андан кийинки иликтөөнүн натыйжасында ошол эле кичирайондогу Увам каналынын боюнан беш окчонтою менен бир нече автомат, бир граната, жасалма жардыргыч заттар, автоматтын 370 огу, аскер кийими, MEGASIL көчмө радиобекети жана медициналык бинт табылган. Кийинчерээк каналдын боюндагы дагы бир жерден 20 кг. алюминий күкүмү салынган 5 банка табылган. Милиция бул дагы жасалма жардыргыч зат жасоо үчүн пайдаланууга багытталган деп болжолдоодо. Ошол эле жерден үч автомат, автоматка салынуучу октон үч миңге чукул, бир мылтык, көзгө атар мылтыктын октору табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, буга тиешеси бар деп шектелгендердин баары камакка алынды деп маалымдайт Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG