Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Токтогул суу сактагычында 18 млрд. 727 млн. куб метр суу бар


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымдаганы боюнча, акыркы эки күн ичинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 73 млн. куб метрге азайды. Ошентсе да бул көрсөткүч акыркы төрт жыл ичиндеги суунун эң жогорку көлөмүн билдирет. Өткөн жылы ушул күнү Токтогулда 12 млрд. 132 млн, ал эми 2008-жылы 13-декабрда 8 млрд. 762 млн. куб метр суу болгон. Бул жылы өкмөт сууну үнөмдөө максатында электр кубатын колдонууга суткасына 6-14 саатка чейин чектөө киргизген.

Токтогул ГЭСи суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 млрд. куб метрге жеткенде ишин токтотот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG