Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Нарында ИИБ башчысы алмашты


Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын маалымдашынча мурдагы жетекчи Нарынбек Молдоисаев кызматтан милициянын уставына туура келбеген аракеттери үчүн алынган. Экс-жетекчинин аракеттери тууралуу кабарланган жок. Ал эми анын ордуна Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Таалай Нуралиев дайындалды. Мындай буйрукка ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кол койгон.
Таалай Нуралиев Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө 2007-жылы жетекчилик кылып турган. Укук коргоочулар ошол жылы облустук милиция тарабынан адам укуктары тебеленген фактылар көп катталганын айтып, тынчсызданууларын билдиришүүдө. 2007-жылы апрель айында ИИБде кармалып жатып, табышмактуу өлүм менен каза тапкан Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов Таалай Нуралиевдин облустук ИИБга жетекчи болуп дайындалышына нааразылыгын билдирүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG