Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Спорт сарайынын жанындагы жардырууга шектелгендердин бири кармалганы кабарланууда


ИИМдеги булактардан алынган маалыматка караганда, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” чек ара түйүнүнөн Казакстанга өтүп бара жаткан жеринен издөөдө жүргөн Марипжан Мирзоканатов кармалган. Ал июнь коогалаңында “массалык башаламандык уюштурган” жана “каракчылык кылган” деп айыпталып, издөөгө алынган. Коопсуздук кызматы тарабынан ал июнь окуясынан кийин Орусиянын Санкт-Петербург шаарына кетип, ал жактагы мигранттардын ар биринен “өч алуу” максатында 2 миң рублден акча жыйнап жүргөнү аныкталган.

ИИМдин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов бул маалымат такталып жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы азырынча расмий маалымат берилбесин кабарлоодо.

30-ноябрь күнү апрель окуясы боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан Спорт сарайынын жанындагы кудукка коюлган жардыргыч зат жарылып, төрт киши жеңил жаракат алган. Күч кызматтары буга экстремисттик-террористтик топтун тиешеси бар деп маалымдаган. Андан бир күн мурун Ош шаарындагы Мажүрүм тал көчөсүндөгү үйдөн курал-жарак, жардыргыч заттар бардыгы аныкталып, үй курчоого алынган кезде, үйдүн ичиндегилер милицияга ок чыгарышкан. Алардын бири өзүн жардырып жиберген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG