Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Жети-Өгүздө мугалимдер өкмөткө бир жума мөөнөт берди


Айлык акыны көтөрүү жана мугалимдерге социалдык жактан камкордук көрсөтүү талабы менен бүгүн иш таштаган мугалимдер эмки дүйшөмбүгө чейин акцияны токтотушту. Алардын бири Карыбай Чакибашев “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эртең эки өкүл мамлекет башчы Роза Отунбаевага жолугууга жана ага мугалимдердин атынан жазылган кайрылууну тапшырууга аракет жасашат. Эгерде бир жуманын ичинде талабы аткарылбаса мугалимдер бир ай иш таштаарын билдиришүүдө.

Айлык акынын аздыгына, мамлекет тарабынан эч кандай социалдык колдоо көрсөтүлбөгөнүнө нааразы болгон мугалимдер өлкөнүн туш тарабында нааразылык иш-чарасын өткөрүп келишүүдө. 1-декабрдан бери Базар-Коргондогу мугалимдер айлык акыны 10 миң сомго көтөрүү, мамлекеттен социалдык колдоо көрсөтүлүүсүн талап кылып, акцияга чыгып келсе, 7-8-декабрь күндөрү аларга сузактык мугалимдер тилектештигин билдирген. 9-10-декабрь күнү Өзгөн районундагы 3-4 айыл округунун мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен иш ташташкан.

Нааразылык акциясына чыккан мугалимдердин талабы менен тааныштыгын президент Роза Отунбаева бүгүн “Кабарлар” радиосуна курган маегинде билдирип, 1-январдан тарта окутуучулардын айлык акыларын көтөрүү маселеси каралып жаткандыгын айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG