Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстандык интернет адистер Жулиан Ассанжды колдогон кайрылуу жолдоду


Кыргызстандык программисттердин атынан жолдонгон кайрылуу Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга жасалып жаткан куугунтукту токтотууну талап кылат. “Интернет Кыргызстанды эркин кылды, интернет бүт дүйнө жүзүн эркиндикке чыгарат, Жулиан Ассанжга эркиндик!” деп жазылган кайрылуунун ээлери Британия жана Швециянын бийлиги демократиянын жана азаттыктын баалуулуктарын эске алып, Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү менен сүйлөшүүнүн башка жолдорун табат деп ишенишет.

Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 7-декабрда Лондондо камакка алынган жана сот аны күрөө пулга бошотууга көнбөй койгон. Швеция Ассанжды сексуалдык кылмыш жасады деп күнөөлөп, ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган болчу.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG