Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Оштон дагы курал-жарак табылды


Ошто 29-ноябрда да атайын операция учурунда жардыруу болгон.
Ошто 29-ноябрда да атайын операция учурунда жардыруу болгон.

Ош шаарындагы Амир-Темир кичи районунда дагы көптөгөн курал-жарак, жардыргыч заттар табылды.

Атайын операциянын натыйжасында аталган райондо үч миңден ашык огу менен беш Калашников автоматы, бир көзгө атар мылтык, жардыргыч куралдар жана жарылуучу куралдарга керектелүүчү заттар табылды.

Катылган курал-жарактарга тиешеси бар делген эки адам кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операцияда Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы бир үйдөн жардыргыч заттар, бир Калашников автоматы жана жүздөн ашуун ок табылган. Аталган кичи райондогу Увам каналынын боюнан беш ок чонтою менен эки автомат, бир граната, жасалма жардыргыч заттар, автоматтын 370 огу, аскер кийими, MEGASIL көчмө радиобекети жана медициналык бинт табылган.

Кийинчерээк каналдын боюндагы дагы бир жерден 20 кг. алюминий күкүмү салынган 5 банка табылган. Милиция бул дагы жасалма жардыргыч зат жасоо үчүн пайдаланууга багытталган деп болжолдоодо. Ошол эле жерден үч автомат, үч миңге чукул огу менен табылган бир мылтык, көзгө атар мылтыктын октору милициянын колуна түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешеси бар делген 2 киши кармалган. Алардын бири Өзбекстандын жараны экендиги айтылууда. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Малик Нурдинов учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын айтат:

- Бизде экстремисттик топтордун өлкө аймагына легалсыз түрдө курал алынып келингендиги тууралуу маалыматтар жетиштүү. Бул куралдарды алып жүргөн эки киши кармалды. Алардын бирөөсү Өзбекстандын жараны экен. Ал Өзбекстанда издөөдө жүрүшү мүмкүн, аны да такташтырып жатабыз.

“Курал-жарактар кырдаалды курчутууну көздөгөн топторго тиешелүү”

Малик Нурдинов бул курал-жарактар кырдаалды курчутууга аракет кылган радикалдык топторго тиешелүү экенин, бирок абал күч органдарынын көзөмөлүндө турганын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө экстремисттик-сепаратисттик уюмдар кырдаалды бузуш максатында аракеттерди көрүп жатат. Бирок мына куралдар табылгандан кийин алардын бир нечесинин максаттары ишке ашпай калды десек болот. Биз мындан ары да бул сыяктуу тазалоо операцияларын уланта беребиз.

Буга чейин дагы Ошто бир нече жолу мындай операциялар жүргүзүлүп, бир нече курал-жарак, жардыруучу заттар табылган болчу. Ал эмес Оштун Мажүрүм-Тал конушунда куралдардан тазалоо операциясы учурунда күч органдары менен террорчу деп шектелгендердин ортосунда атышуу да болгон эле. Ал окуяга ошол райондун мечит имамынын тиешеси бар экендиги маалымдалган.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, бул курал-жарактарга дагы Амир-Темир кичи районундагы мечиттин кызматкерлеринин
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG