Бишкек пресс-клубу 15-декабрда “Өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоодо билим берүүнүн орду” аттуу талкуу жыйынын өткөрөт. Жыйынга мамлекеттик органдардын кызматкерлери, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, саясат таануучулар жана журналисттер катышат. Бишкек пресс-клубу тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн ар кай жерлеринде мугалимдердин нааразычылыктарынын пайда болушу билим берүү тармагындагы өтө чоң көйгөйлөрдөн кабар берип турат. (IJz)