Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Косоводо парламенттик шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгы жарыяланды


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтары да 33,5% добуш менен мурдагы премьер- министр Хашим Тачинин Демократиялык партиясы алдыда экендигин ырастады.

Анын башкы атаандашы Косовонун Демократиялык лигасы 23%дан ашуун добуш топтогон. Кошмо Штаттар Косовонун көз карандысыздык жарыялангандан кийинки алгачкы шайлоосун кубаттады.

Мамлекеттик департаментин өкүлү Марк Тонер Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолду:

-Биз Косовонун элин көз карандысыздыгын жарыялагандан кийинки алгачкы шайлоосу менен куттуктайбыз. Бул өлкөдө көп улуттуу демократияны өнүктүрүү жолундагы өтө маанилүү баскыч. Бизге өлкө боюнча шайлоо бекеттерине адамдардын көп келгенин көрүү кубанычтуу болду.

Эл аралык байкоочулар шайлоо күнүндөгү бурмалоолор боюнча “олуттуу маалыматтар” бар экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG