Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Италияда бүгүн өкмөткө ишеним көргөзүү маселеси колго салынат


Эгер парламенттеги добуш берүүдө ишеним көргөзүлбөсө, жетимиш төрт жаштагы премьер- министр Сильвио Берлускони кызматтан чегинүүгө аргасыз болот. Мурдагы өнөктөштөрүнүн бир бөлүгү ажырап кеткендиктен Берлусконинин өкмөтүн колдоочулар парламенттин төмөнкү палатасында азыр көпчүлүктү түзө албайт.

Добуш берүү парламенттин жогорку палатасы - Сенатта да өткөрүлөт. Бул жерден Берлускони колдоо табары күтүлүүдө. Бирок кызматтан чегинбеш үчүн эки палатанын тең колдоосун алуу талап кылынат.

Италияда өкмөткө ишеним көргөзүү же көргөзүү маселесинин бул ирет күн тартибине коюлушуна премьер- министрдин сойку кыздар менен мамилеси жана коррупция жөнүндө маалыматтар себеп болду.

XS
SM
MD
LG