Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Жулиан Ассанждын адвокаттары аны күрөө менен бошотууга аракеттенет


WeakLeaks интернет сайтынын негиздөөчүсүнүн иши бүгүн Лондондун сотунда каралат. Австралиянын жараны, 39 жаштагы Ассанж Британиянын полициясына өткөн аптада Швеция аны камакка алуу үчүн жалпы европалык ордер чыгаргандан кийин колго түшүп берген. Швециянын прокурорлору Ассанжды эки аялга сексуалдык жактан ыдык көргөзгөн деп айыптоодо жана Британиядан аны өткөрүп алууга умтулууда. Ал өзү мындай айыптарды четке каккан. Ассанждын жана анын адвокаттарынын айтымында, азыр АКШнын өкмөтү ага тыңчылык кылган деген айып коюуга кам көрүп жаткан болушу мүмкүн. Жулиан Ассанж негиздеген WikiLeaks сайты алардын колунда америкалык дипломаттардын 250 миңдей жашыруун каттары бар экенин жарыяланган жана аларды четинен шардана кылууда. АКШ WeakLeaks менен анын негиздөөчүсүнүн мындай аракеттерине кыжырдануусун билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG