Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Өзбек диаспорасы К. Ботиров менен И. Абдурасуловду жоопко тартууну талап кылды


Мындай талап Кыргызстанда жашаган өзбек диаспорасынын кайрылуусунда коюлган. Диаспора өз кайрылуусунда улутташтарын Кыргызстандагы кырдаалды курчутууга аракеттенген ар кандай чагымдарга алдырбоого, сепаратизм идеяларынын жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырат. Ошондой эле анда сепаратисттик идеяларды жайылтуу менен тынч жаткан элге дүрбөлөң салган Кадыржан Ботиров менен Иномжан Абдурасуловду жана алардын шериктерин таап, жоопко тартуу талабы коюлган.
Акыркы убактарда Ош, Жалал-Абат облустарында улуттар аралык чатак дагы болору тууралуу айың кептер күчөөдө. Өткөн жумада белгисиз адамдар тарабынан өзбек тектүү аялдарды уурдап, зордоо болгонун адам укугун коргоочулар айтып чыгышкан. Буга байланыштуу кечээ шаар тургундары менен Оштун мэри Мелис Мырзакматов жолугушту.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG