Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

АКШнын таанымал дипломаты Ричард Холбрук каза тапты


АКШ президентинин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү, 69 жаштагы Холбрукка өткөн ишемби күнү жүрөгүнө, аортасы айрылып кеткендигине байланыштуу шашылыш операция жасалып, акыбалы оор экендиги айтылып жаткан. Ал ооруканага Мамлекеттик департаментте иштеп олтурган жеринен барып түшкөн.

АКШ президенти Барак Обама өз билдирүүсүндө Ричард Холбрукту “америкалык тышкы саясаттын чыныгы алтаны” деп атап, “Американы коопсузураак, күчтүүрөөк кылган жана ага урмат жараткан” адам катары мүнөздөдү. Обама кошумчалагандай, Холбруктун дипломатиялык аракети аракасында “азыр дүйнөдө өмүрү сакталган жана байытылган миллиондогон адамдар жашап жатат”.

Дипломатиялык карьерасын 1962-жылы, Вьетнам согушу учурунда баштаган Ричард Холбрук президенттин Пакистан жана Ооганстан боюнча өкүлү кызматын 2009-жылдан бери аркалап жаткан. Ага чейин 1995- жылы Босниядагы согуштун токтошуна алып келген Дейтон тынчтык келишимин түзүүдө маанилүү роль ойногон. Жарым кылымга созулган дипломатиялык иши учурунда Холбрук эки ирет Мамлекеттик катчынын орун басары болгон, АКШнын Улуттар уюмундагы, Германиядагы элчилик кызматтарында иштеген. Жети ирет Нобель Тынчтык сыйлыгын алууга талапкер катары көргөзүлгөн.

Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлдүн дүйнөдөн өтүшү АКШ бул эки өлкөдөгү Талибан менен “ал-Каидага” каршы күрөшүү боюнча кайра каралган стратегиясын жарыялоону ушул аптага мерчемдеп жаткан учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG