Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

“Ата Мекен” фракциясы мугалимдерге кайрылды


“Ата Мекен” депутаттык фракциясы мугалимдердин бир нече жумадан бери уланып жаткан нааразылык акциясы Кыргызстандагы билим берүү тармагы терең сазга батып калганын ачыктады деп эсептейт. Ошондой эле билдирүү ээлери бул көйгөй жакында эле пайда боло калган маселе эмес, бир канча жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелердин топтому деген пикирде. Кайрылууда “Ата Мекен” партиясы билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча атайын Концепция иштеп чыкканы, учурда ал мыйзамга ылайык экспертизадан өтүп жатканы айтылат. Бүгүнкү күнү айлык акыны бир жолу көтөрүп коюу менен эмес, мугалимдердин эмгегин баалоонун принципиалдуу жаңы системасын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген бул партия билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн парламентте жана болочок өкмөттө көтөрүп чыгууга убада берген. Ал эми мугалимдердин өздөрүнө маселелердин баарын чечүү жолдорун сунуштоону, техникалык өкмөттү болсо азыркы кырдаалды тескөө үчүн конкреттүү аракеттерди жасоого чакырган.

Айлык акыны 10-15 миң сомго көтөрүүнү, мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүүнү талап кылган мугалимдердин нааразылык иш-чаралары 1-декабрдан тарта уланып келе жатат. Алгач Жалал-Абат облусунда башталган иш-чара кийинчерээк Ош, Ысык-Көл жана Талас облусуна жайылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG