Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Каржы министри: Мугалимдердин айлык акысын көтөрүүгө акча жок


Каржы министри Чоробек Имашевдин бүгүн “Республика” фракциясынын жыйынында билдиргени боюнча, мамлекеттик бюджетте ансыз деле 16 млрд. сом таңсык болуп жатат, ал эми мугалимдер бүгүн талап кылып жаткандай айлык акы коюп бергидей акча казынада жок. Каржы министри мугалимдердин айлык акысын саатына төлөп берүү ыкмасына өтүүнү сунуштады. Ч. Имашевдин айтуусунда, эл аралык уюмдардын жардамы менен кармалып турган бюджет айлык акыларды өз убагында төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк бере алганы менен аны жогорулатууга эч кандай шарт түзүп бере албайт. Ушул эле жыйында билим берүү жана илим министри Канат Садыков мугалимдердин айлык акысын жок дегенде 30% көбөйтүү үчүн 1 млрд. 200 миң сом керектигин билдирди.

Айлык акыны 10-15 миң сомго көтөрүүнү, мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүүнү талап кылган мугалимдердин нааразылык иш-чаралары 1-декабрдан тарта уланып келе жатат. Алгач Жалал-Абат облусунда башталган иш-чара кийинчерээк Ош, Ысык-Көл жана Талас облусуна жайылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG