Өкмөт комиссиясы бүгүн ушундай чечим кабыл алды. Президент Медведев Москва-Петербург каттамындагы бул жолдун долбоорун мурдагы шаар бийликтери коомчулуктун пикирин эске албай пландаган, курулушту азыр токтотконго болбой калды деп эсептейт. Экологиялык зыяндын ордун жапканы 4 миллиард рубл өлчөмүндө жабырпул ажыратылат. Бул курулушка каршы турган коомдук коалиция комиссиянын чечимин мыйзамсыз деп атап, аны сотко бермей болду.