Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Бүгүн Акмат Бакиевдин соту болот


Бүгүн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиевдин соту болот. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, А.Бакиевге карата козголгон кылмыш ишти Жалал-Абад шаардык соту карамакчы. Сот процесси Бишкек шаарындагы аскер сотунун имаратында өтөт.

Башкы прокуратура 24-ноябрда Акмат Бакиевге карата козголгон кылмыш иши жыйынтыкталып, сотко өткөрүлгөнүн билдирген. Башкы прокуратура ага карата сегиз эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ушул жылдын май айында массалык башаламандыктарды уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган, атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн, зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн деген сыяктуу айыптар тагылууда. Акмат Бакиев өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет. (IJz)

XS
SM
MD
LG