Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Айыптоочу тарап Жулиан Ассанж боюнча сот чечимин аппеляцияга берет


Лондондун соту чуулгандуу “WikiLeaks” сайтынын негиздөөчүн кечээ 240 миң фунт күрөө менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок айыптоочу тарап – Швециянын прокуратурасы бул чечимди аппеляцияга берип жаткандыктан, ал кеминде дагы 48 саатка абакта кала берет.

Жогорку инстанциядагы сот маселени мына ушул мөөнөт аралыгында кароосу керек. Ассанждын адвокаттарынын бири Марк Стивенс мындай дейт:

- Биз шведдер сот чечимине макул эместиги тууралуу уктук. Алар Ассанж мырзаны дагы көбүрөөк көйгөйгө, тоскоолдуктарга, чыгымга кириптер кылгысы келип жатат. Алар Ассанж мырзаны абакта кармоо үчүн кандай чыгым болбосун аянбай турганы анык.

Ассанжды өткөрүп алууну көздөгөн Швециянын прокуратурасы аны эки аялга сексуалдык ыдык көргөзгөн деп айыптоодо. Ассанж болсо мындай айыптарды четке каккан жана муну WikiLeaks сайты АКШнын жашыруун документтерин жарыялаган соң аны каралоо үчүн башталган өнөктүктүн бир бөлүгү деп эсептейт.

Жакындан бери аталган интернет сайт АКШнын дүйнөдөгү дипломаттарынын Вашингтонго жолдогон жашыруу кат-кабарларын шардана кылып жатат. WikiLeaks алардын колунда мындай каттардын 250 миңи бар экенин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG