Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

АКШ Пакистан жана Ооганстан боюнча жаңы өкүлүн дайындады


Аталган кызматка жаңы дайындалган Фрэнк Ражеро буга чейин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлдүн орун басары болуп иштеген.

АКШ президентинин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлүнүн кызматын 2009-жылдан бери аткарып келген таанымал дипломат Ричард Холбрук ушул дүйшөмбү күнү 69 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Мунун алдында Холбруктун жүрөгүнө операция жасалган болчу.

Эртең АКШ Ооганстан жана Пакистан боюнча кайра каралган стратегиясын жарыялаган жатат. 14-декабрда Ак үйдө президент Барак Обама өткөргөн жыйында АКШ администрациясынын кайра каралып жаткан стратегиялык концепциясы талкууга алынды.

XS
SM
MD
LG