Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Коопсуздук кеңештин Ирак боюнча жыйынында АКШ вице-президенти төрагалык кылат


Кабарларга караганда, Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңеши Иракка тынчтык максаттагы өзөктүк программага керектүү технологияларды импорттой баштоосуна уруксат берет деп үмүттөнүүдө.

Ирак парламенти БУУнун өзөктүк жайларда эл аралык текшерүүнү капыстан жүргүзүүгө жол ачкан келишимин азырынча ратификациялай элек. Багдаддагы расмий өкүлдөр мунун өкмөт куруу жараяны узакка созулуп кеткени менен түшүндүрүшүүдө. Ирактын лидерлери ошондой эле өзөктүк, химиялык же биологиялык курал жасоого эми эч убакта умтулбай турганын убада кылышкан.

БУУдан түшкөн кабарларда айтылгандай, Коопсуздук кеңеши анын Иракка бвгытталган “азык-түлүк үчүн мунай” программасын расмий токтотору жана 1990-жылы Саддам Хусейиндин доору учурунда Кувейтке жасалган кол салуу менен байланышкан доо-арыздардан коргоочу мөөнөттү дагы алты айга узартары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG