Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Италиядагы кагылыштардан жүздөй киши жаракат алган


Кагылышуулар полиция менен демонстранттар ортосунда кечээ Италиянын парламентинде өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси колго салынып, бирок премьер-министр Силвио Берлускони үч гана добуш ашыкча алуу менен кызматын сактап калгандан кийин орун алган. Кабарларга караганда, демонстранттардын айрымдары борбор Римде дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, унааларга өрт койгон, кырктан ашуун демонстрант камакка алынган. 74 жаштагы Берлусконинин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселеси коррупция жаңжалдары жана өкмөт башчынын сойку кыздар менен мамилеси бар деген маалыматтардан улам көтөрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG