Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Таласта мугалимдердин нааразылык акциясы уланууда


Облустук акимчиликтин алдына чогулган 300 чамалуу киши өкмөттүн мугалимдердин айлык акысын 30% жогорулатуу чечимине каршылыгын билдиришти. Алар айлык акыны 30-50% эмес, 100% же 10 миң сомго чейин жогорулатып берүүнү, мугалимдерге социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү жандандырууну талап кылышууда.

Нааразылык акциясына чыккан мугалимдер менен Социал-демократиялык партиянын Жогорку Кеңештеги депутаттары Данияр Тербишалиев жана Акылбек Султанов жолугушту. Алар 30% көтөрүү тууралуу чечим алгачкы гана баскыч экенин, 2012-жылга чейин мугалимдердин айлык акысы 10 миң сомго чыгарыларын айтып, түшүндүрүүгө аракет кылышууда. (ZKo/UA)

XS
SM
MD
LG