Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Башкы прокуратура экс-губернаторду алып келүүгө аракеттенүүдө


Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Кыдыкбек Исаевди экстрадициялоо тууралуу расмий өтүнүчүн Башкы прокуратура АКШнын Адилет министрлигине жиберди. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, экс-губернатор ушул тапта АКШнын Виржиния штатында жашап жатканы белгилүү.

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Кыдыкбек Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2010-жылдын май-июнь айларында 10 кылмыш иши козголгон. 20-май күнү Ысык-Көл райондук соту Кыдыкбек Исаевди камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. 2010-жылдын 7-сентябрында экс-губернаторду издөө иштерине байланыштуу ага козголгон кылмыш ишинин өндүрүшү токтотулган.

Кыдыкбек Исаев Чолпон-Ата шаарына жана Ысык-Көл районуна тиешелүү жерлерди кызмат абалынан пайдаланып, «Terra Nova», «Sun Way», «Сансет», «ЦСКМ», «Инвест Трест» ишканаларына арзан баада сатып жиберген, ушундай эле жол менен айрым айылдардагы жерлерди менчикке чыгарып жиберген деп айыпталууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Кыдыкбек Исаев мамлекетке 6 млн. 456 миң сомдук зыян келтирген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG