Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Коалиция тууралуу чечим кабыл алынышы ыктымал


“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин башчысы Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ушул тапта үч фракциянын: “Республика”, “Ата Журт” жана КСДПнын ортосунда коалиция түзүүнүн кээ бир тактоочу маселелеринин айланасында тыгыз иш жүрүп жатат. Ошол эле убакта “Ар-намыс”, “Ата Мекен” фракциялары менен сүйлөшүүлөр уланууда. Досалы Эсеналиев жакынкы убакта коалицияны түзүү багытында негизги чечимдерге келүү мүмкүнчүлүгү бардыгын кошумчалады.

Парламенттик көпчүлүк түзүү милдетин президент Роза Отунбаева 4-декабрда “Республика” фракциясына тапшырган. Ага чейин Социал-демократтар фракциясы түзгөн КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” коалициясы максатына жетпей, ыдыраган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG