Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Акмат Бакиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү суралды


Бүгүнкү соттук териштирүүдө Акмат Бакиевдин адвокаттары анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылышты. Сот бул өтүнүчтү кароо үчүн убакыт сурап, кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевге ушул жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деп айыпталып, анын ишин Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында бүгүн карай баштады. Акмат Бакиев өзү жана анын адвокаттары коюлган дооматтар менен макул эместигин билдирип келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG