Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Жайма базардагы киши өлтүрүү боюнча сот өкүмүн айтты


Ош шаардык соту 13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталып жаткан беш кишиге карата өкүм чыгарды. Ага ылайык Бабур Аманов өмүр бою эркинен ажыратылды. Калган айыпталуучулар: Иматулло Талипов 25 жылга, Надыр Самиев 22 жылга, Тахир Аманов беш жылга, Элдияр Рустамов төрт жылга кесилди.
Жабырлануучулар сот өкүмү жеңил болуп калды деген нааразылыгын айтышып, апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрыларын билдиришүүдө.

13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлүп, дарыяга ыргытылган сөөгү 19-июнда Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG