Акмат Бакиевдин ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчү четке кагылганын сот жарыя кылды.
Акмат Бакиевдин үстүнөн соттук териштирүү 12-январга жылганын "Азаттыкка" анын адвокаты Равшан Максудов билдирди.
Экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевге ушул жылдын май айында массалык башаламандыктарды уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган, атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн, зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн деп айыпталып, анын ишин Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында бүгүн карай баштады. Акмат Бакиев өзү жана анын адвокаттары коюлган дооматтар менен макул эместигин билдирип келишет. (ZKo)