Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Москванын Киев вокзалында жүз киши кармалды


Милиция алардын айрымдарынан атылчу курал, бычактар табылганын билдирип, шаарда абал тынч экендигин кошумчалады. Милиция атайын аскер күчтөрү менен бирдикте Москванын борбордук көчө-аянттарын кайтарып жатканын ИТАР-ТАСС шаардык милициянын расмий өкүлүнө таянып маалымдады. Бүгүн эртең менен милиция Киев вокзалынын алдындагы «Европа» соода борборун башаламандык орун алат деген маалымат боюнча курчоого алган.

Орусиялык ашыккан улутчулдар өз тарапкерлерин Москванын борборуна топтолуп кавказдык мусулмандардын жазасын колуна берүүгө кабар тараткан. Шейшембиде «Мыйзамсыз иммиграцияга каршы» кыймылы аялдар менен балдарды үйдөн чыкпоону, орус эркектерди болсо текши куралданып, бүгүнкү болчу кагылышка чакырган.

Өткөн жумада футбол күйөрмандары менен кавказ улутундагылардын ортосунда кагылышуу болуп 1 адам өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG