Бишкекте 16-17-декабрь күндөрү, Ошто 17-декабрда гендердик маселелерге, аялдардын укуктарын коргоого арналган жыйындар өтөт. Аталган жыйындар Бириккен Улуттар уюмунун аялдардын кызыкчылыктарын колдоого багытталган долбоорлорунун алкагында өтүүдө. Жыйындын максаты – өлкөдө гендерлик теңчиликти калыптандырууга салым кошуу, айыл жергесиндеги аялдардын укуктарын коргоо жана алардын зордук-зомбулуктарга кабылуусуна каршы чараларды көрүү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун “Айыл жергесиндеги аялдардын экономикалык коопсуздугун бекемдөө” долбоору билдирди. (IJz)