Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

“Көп тил – бир дүйнө” аттуу адабий сынак жыйынтыкталууда


Бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинде “Көп тил – бир дүйнө” аттуу адабий конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Бул тууралуу аталган университеттин коом менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Конкурстун был жылкы темасы “Жомоктогу ажайып дүйнө” деп аталып, ага 35 жашка чейинки жаш калемгерлер катышты. Конкурстун уюштуруучуларынын бири Айзада Тыналиеванын айтымында, сынакка бул жолу кыргыз, орус, өзбек, тажик, ал тургай англис тилинде чыгармалар түшкөн. Конкурска келген мыкты чыгармалар атайын басылган альманах китепке жарыяланмакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG