Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Москвада миңден ашуун адам камакка алынды


Милиция мындай чарага шаарда улут аралык кагылышуулар болуп кетпөөсүн алдын алуу үчүн барды. Москва милициясынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, камоолордун көпчүлүгү Киев темир жол бекетинин тегерегинде жүргүзүлдү. Бул темир жол бекеттин айланасында теги боюнча кавказдык соодагерлер көп иштейт. Ал жерге милициянын атайын бөлүгүнүн 1000ден ашуун өкүлү жиберилип, улутчул манайдагы ураан-чакырыктарды кыйкырган жаштар, өспүрүмдөр кармалды. Ушуга окшош окуя Санкт-Петербург шаарында да болгон. Милиция улутчул топтордун шаардын борбордук аянтына чогулган өкүлдөрүнүн алтымыштан ашуунун камакка алган.

XS
SM
MD
LG