Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча резолюцияларды жокко чыгарды


Коопсуздук кеңешинин соңку чечимдерине ылайык, Иракка каршы мурдагы президент Саддам Хусеиндин доорунда киргизилген эл аралык санкциялардын көпчүлүгү жоюлду. Жыйында төрагалык кылган АКШ вице- презденти Жо Байден буларды белгиледи:

-Коопсуздук кеңеши Ирактын аймакка интеграциялануусун кубаттайт. Иракты жана аймактын өлкөлөрүн өз алакасын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, бул мамилелерди өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын маанайында жүргүзүүгө чакырат.

Коопсуздук кеңешинин чечими боюнча Ирактын өнүгүү корун көзөмөлдөө укугу эми өлкө бийликтерине берилет. Ал кор 2003 –жылы Иракка АКШ аскерлери басып киргенде түзүлгөн. Ошондой эле 90-жылдары санкциялар астында жашап жаткан Ирактын элине гуманитардык жардам көргөзүү максатында уюшулган “азык түлүк үчүн мунай” программасы токтотулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG