Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Коалиция түзүү боюнча жыйынтыктоочу маалымат бүгүн берилиши мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Республика” партиясынын аткаруу комитетинин башчысы Досалы Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин фракциялар менен бир катар суроолор чечилип, коалиция түзүү багытында конкретүү чечимдер кабыл алынган. Бүгүн калган маселелер боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Мындан улам коалиция түзүү боюнча жыйынтоочу маалымат бүгүн күндүн аягына чейин берилиши мүмкүн.

Буга чейин коалицияга кирүү тууралуу “Республика” партиясынын сунушуна “Ата Журт” жана Социал-демократтар партиялары макулдугун бергени маалым болгон. 15-декабрда “Ар-намыс” партиясы коалицияга кирүүдөн баш тарткандыгын партия лидери Фелик Кулов кабарлаган эле. Парламенттик көпчүлүк түзүү милдетин президент Роза Отунбаева 4-декабрда “Республика” фракциясына тапшырган. Ага чейин Социал-демократтар фракциясы түзгөн КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” коалициясы максатына жетпей, ыдыраган болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG