Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

"Мунапыс" уюму Кыргызстан боюнча жаңы баяндамасын жарыялады


Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болгон этностор аралык кагылыштан кийинки жагдайды иликтөөгө арналган баяндама “Жарым-жартылай чындык жана тандалма сот адилеттиги” деп аталат.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан эл аралык уюмдун пикиринде, Кыргызстандын бийликтери улут аралык кагылышта укуктары бузулган миңдеген жабырлануучулар үчүн адилеттүүлүктү камсыздай албай жатат. Баяндамада белгиленгендей, тергөөчүлөрдүн этникалык негизде ачык ыктоосу жана сот системасынын укук бузууларды бейтарап териштирүүгө жөндөмсүз болуп жатышы кылмышкерлер арасында жазасыз калуу, ал эми жабырлануучулар арасында нааразылык сезимин күчөтөт.

Эл аралык "Мунапыс" уюму эгер бул тенденция тезинен өзгөрбөсө, адилеттүүлүктү камсыздоо мүмкүнчүлүгү жоголот деп эсептейт. Баяндамада көрсөтүлгөндөй, улут аралык кагылыш учурундагы адам өлтүрүүлөргө, зордук-зомбулуктарга тиешеси бар деген шек менен камалгандардын расмий саны 10-ноябрга карата 271 болгон. Алардын арасынан соттолгондордун көпчүлүгү этникалык өзбектер.

Эл аралык "Мунапыстын" көз карашында, быйылкы кыянатчылыктардын тамыры 1990-жылкы кагылыштагы укук бузуулар бейтарап иликтенбей, кылмыш жасагандар жазаланбай калганында жатат. Азыркыдай коркуунун, ишенбөөчүлүктүн, ушак-айыңдардын, этникалык бөлүнүүнүн кырдаалында жана саясий туруксуздук уланып жаткан шартта эл аралык иликтөө гана ишеним жараткан, объективдүү жана кеңири иликтөө жүрөрүнүн жалгыз үмүтү. (UE)

XS
SM
MD
LG