Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Жалал-Абадда бир үйдө граната жана маң заттар табылды


Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов тастыктады. Маалыматка ылайык, 15-декабрда Ноокен районунун Кочкор-Ата айылында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам операция жүргүзгөн. Анын натыйжасында аталган айылдын 33 жаштагы тургунунун үйүндө эки граната, беш огу жана бир дүрмөтү менен ок атуучу курал жана эки килограмм гашиш заты табылган. Натыйжада бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG