Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Москвада киши колдуу болгон А. Шамшиевдин сөөгү айылына жеткирилди


Орусиянын Москва шаарында киши колдуу болгон 37 жаштагы Алишер Шамшиевдин сөөгү Ош облусунун Ноокат районундагы өзү туулуп өскөн Бел-Өрүк айылына жеткирилди. Бул тууралууу “Азаттыкка” Эмгек, калкты жумуш менен камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү “Сибир аба жолдору” компаниясынын учагы менен 14-декабрдын түнү алынып келинип, кечээ туугандарына берилди.

12-декабрда Москвада кыргызстандык Алишер Шамшиев белгисиз адамдардын ур-токмогунан кийин каза тапкан. Криминалист адистер анын сөөгүн карап чыгып, бөйрөк тушка бычак сайылганын аныкташкан. Мындан улам Кыргызстандын Башкы прокуратурасы, Орусиянын Башкы көзөмөл органына кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөрдүн жыйынтыктары туурасында маалымат берүү өтүнүчүн жөнөткөн. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG