Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Москвада кыргыз жаранын өлтүргөн деген шек менен үч адам кармалды


Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев тастыктады. Маалыматка ылайык, кармалгандар улутчул топтордун мүчөлөрү болушу мүмкүн. Азыркы тапта алардын ишке тиешеси бар, жогу такталууда. 12-декабрда Москвада кыргызстандык Алишер Шамшиев белгисиз топтогу адамдардын ур-токмогунан кийин каза тапкан. Анын өлүмү Орусиядагы улутчул топторунун жанданган учуруна туш келген. Эмгек, калкты жумуш менен камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, А.Шамшиевдин сөөгү кечээ өзү туулган Ноокат районун Бел-Өрүк айылына жеткирилди. (KKs)

XS
SM
MD
LG