Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

17-декабрга карата аба ырайы


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 17-декабрда Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарын туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4 градус болсо, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градуска барабар. Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градуска чейин суук күтүлөт.
Бишкекте жаан-чачын жана туман болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз 5…7 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG