Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

М. Иманкулов: Түштүктө болгон окуялар обьективдүү иликтенип жатат


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” курган маегинде июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуялар обьективдүү, мыйзамдын алкагында жана адамдардын улутуна карабай иликтенип жатканын билдирди.

Бүгүн Amnesty International эл аралык уюму июнь айында болгон улуттар аралык кагылыштар боюнча жарыялаган докладында тергөөчүлөрдүн бир тарапка ачык ыктоосу жана сот системасынын бейтарап териштирүү жөндөмсүздүгү кылмышкерлердин жазасыз калышына алып келет жана жабыр тарткандардын нааразылыгын күчөтөт деп белгилеген. Баяндамада көрсөтүлгөндөй, улут аралык кагылыш учурундагы адам өлтүрүүлөргө, зордук-зомбулуктарга тиешеси бар деген шек менен камалгандардын расмий саны 10-ноябрга карата 271 болгон. Алардын арасынан соттолгондордун көпчүлүгү этникалык өзбектер экендиги айтылат.

XS
SM
MD
LG