Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Украин парламентинде мушташ болду


Киевден түшкөн кабарларга караганда, бийликтеги Региондор партиясынын депутаттары парламенттин президиумунан оппозициячыл блоктун депутаттарын сүрүп чыгаруу үчүн күч колдонду. Бир нече мүнөткө созулган мушташ учурунда оппозиция тараптан кеминде эки депутат жаракат алган. Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун блогуна кирген депутаттар өз лидеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алынышына нааразылык билдирип, парламент жыйынын үзгүлтүккө учуратуу үчүн президиумду ээлеп алышкан эле.

XS
SM
MD
LG