Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

АКШ Сенатында өзөктүк курал келишими боюнча талкуулар башталды


Сенаттагы демократтар өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча АКШ менен Орусия ортосундагы келишим парламенттин быйылкы сессиясы башталганча ратификацияланып калат деп эсептешүүдө. Бирок республикачылар окуялардын мындай өнүгүшүнө каршы. Алардын бири Жон Кил Ак үйдүн келишимди мүмкүн болушунча тез ратификациялоо жөнүндөгү чакырыгын кечээ кайрадан четке какты. Ал эми демократ сенатор Жон Керри республикачыларды ратификация жараянын саясий жүйөөдөн улам создуктуруп жатканы үчүн айыптады.

Президент Барак Обама келишимдин ратификациядан өткөрүүнү өтө маанилүү маселе катары мүнөздөгөн. Келишимге эки өлкөнүн президенттери быйыл апрелде кол койгон. Документти Орусиянын парламенти да азырынча ратификациялай элек жана айрым расмий өкүлдөр мунун себебин Вашингтон ратификациялабай жатканы менен түшүндүргөн. Келишимге ылайык, жети жылдын аралыгында эки өлкөнүн колунда калган өзөктүк дүрмөттөрүнүн саны 1550дөн ашпоосу керек

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG