Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Ү.Сыдыков, И.Масалиевдин соту башталды


Ушул тапта Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искак Масалиев менен мурдагы президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүлөр башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди.

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге "массалык башаламандыктарды уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. “12-13-май күндөрү бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыпталып аткандардын иши өткөн айда тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн болчу. Үсөн Сыдыков жана Искак Масалиев өздөрүнө коюлган айыптар менен макул эмес. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG