Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Кытай Пакистан менен мамилесин чыңдайт


Өлкө премьер-министри Вэнь Цзябао Исламабадга бүгүн Индиядагы сапарынан соң келүүдө. Үч күндүк сапары учурунда өз өлкөсүнүн Пакистан менен буга чейин эле бекем ишкер алакасын чыңдап, жаңы соода келишимдерине кол койгон жатат. Аларда каралган сооданын көлөмү 14 миллиард долларга жетет. Пакистанга чейин Индияда болгон учурунда кытай өкмөт башчысы бул өлкө менен 16 миллиард долларга келишим түздү, ошондой эле Бээжиндин саясий колдоосун убада кылды. Анын сапарынын максаты - Кытайдын Индия менен жылуу мамилесине карабай, Пакистанды да энергия, соода, аскерий тармактагы алакалар тыгыз бойдон каларына ишендирүү.

XS
SM
MD
LG